21 ноябрь 2023

Кароолор: (59)

Тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд жүргүзүлдү

 Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы шаардагы мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактарга рейд уюштурулду.

Рейд учурунда Түмөнбай Байзаков проспектисиндеги, Б.Осмонов, Пушкин көчөсүндөгү, Спутник кичи шаарчасындагы дүкөндөргө, ашканаларга, эс алуучу жайларга, мейманканаларга, чачтарачтарга чет тилдерде жазылган аталыштарын өзгөртүү боюнча 70ке жакын эскертүү берилди.

 Эскерте кетсек, бир ай аралыгында эскертүүнү аткарбаган ишкерлердин баннерлери алынат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз