28 март 2025

Кароолор: (79)

ТЕЙЛӨӨ ТАРМАГЫНДА ИШТЕГЕНДЕР АКЫСЫЗ ОКУП, СЕРТИФИКАТ ЖАНА СТИПЕНДИЯ АЛСА БОЛОТ

 Жалал-Абад шаарынын мэриясында жумушсуз жарандарды акысыз окутуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынин башчысы Назира Жакыпова, прокуратура жана салык кызматынын өкүлдөрү, ишкерлер катышты.

 Тегерек столдун максаты - тейлөө тармагындагы акысыз курстар боюнча маалымат таратуу жана ишкерлер менен тыгыз иш алып баруу болуп саналат.

 Тегерек столдо 2025-жылга жумушсуз жарандар үчүн кыска мөөнөттүү акысыз “Бармен”, “Официант”, “Бөлмө тазалоочу" (горничная), "Газ, электро ширетүүчү", "Тигүүчү", "Ашпозчу", "Сантехник", "Укалоочу" (массажист) курстарына кабыл алуу жүрүп жаткандыгы маалымдалды. Маалыматка ылайык, окутуунун мөөнөтү бир айды түзөт жана сертификат менен миң сом өлчөмүндө стипендия берилет.

 Акысыз курстар боюнча толук маалымат алуу үчүн:

Жалал-Абад шаары, Эркиндик к. 6а дарегине же 0(3722) 2 47 72, 0222 10 14 24, 0555 09 45 46 байланыш номерлерине жумуш убактысында кайрылсаңыздар болот!

 Тегерек стол соңунда прокуратура жана салык кызматынын өкүлдөрү тарабынан ишкердик субъектерин кайсыл учурда текшерсе болоору, кайсыл учурда болбой тургандыгы жана ишкерлердин милдеттери боюнча маалымат берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз