02 март 2023

Кароолор: (174)

Тазалыкты сактоо боюнча эскертме кагаздары таратылууда

      Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгындагы аймактык комитеттердин төрагалары, кондоминиумдар "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү жашоочуларга жана ишкерлерге эскертме кагаздары таратылып, тазалык мекемеси менен келишими жокторго келишим түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

      Эскертме кагазында менчик ээлери имараттардын айланасын 20 метрге чейин тазалоосу, көрктөндүрүүсү керектиги белгиленген. Ошондой эле тазалыкты сактабагандарга Бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде мыйзам чегинде чара көрүлөөрү да эскертилген.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз