27 январь 2023

Кароолор: (90)

Таштандыларды кайра иштетүү боюнча окутуу өткөрүлдү

 Бүгүн, 26-январь күнү Жалал-Абад шаарында таштандыларды башкаруу боюнча WasteNet.KG бизнес тармагынын адистери тарабынан окутуу болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Элдос Таев, "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин кызматкерлери, шаарда жайгашкан тейлөө тармагынын жана кафе-ресторандардын өкүлдөрү катышты.

Окутууда шаардагы калдыктарды азайтуу үчүн, калдыктарды башкаруу системасын киргизүүнүн негизги принциптери жана багыттары, таштандыны сорттоо, өзүнчө чогултууну жана аны кайра иштетүүгө берүү менен таштандыга кетүүчү калдыктарды азайтуу туурасында маалыматтар айтылды.

 Белгилей кетсек, мекеме-ишканалар, кафе-ресторандар 6%дык жеңилдетилген насыя алып, ага таштандыларды иргеп салуучу урналарды сатып алып, иргелген таштандыларын WastNet. KG таштандыларды башкаруу тармагына сата алат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз