03 ноябрь 2023
Кароолор: (54)
ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 3-ноябрда Жалал-Абад шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Уулкан Кожоева, облустагы жана шаардагы мекеме–ишканалардын жетекчилери, мугалимдер жана шаар тургундары катышты.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков өз сөзүндө: “Тарыхый инсандарды эскерүү менен биз кийинки урпактарга ата-бабалардын жаркын элесин, алардын эрдиктерин мурас катары калтырууну инсандык парзыбыз деп билебиз”,-деп белгиледи.
Иш-чарада көзү өткөн коомдук жана саясий ишмерлерге, илимпоздорго жана акын-жазуучуларга арналып куран окулду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз