03 март 2023
Кароолор: (251)
«Тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат” аталышындагы окутуу өттү

Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарындагы №”21 Жолболду Болотов атындагы орто мектебинде “Энелер мектеби” программасынын алкагында “Тарбия башаты үй бүлөдөн башталат” аталышында окутуу өттү. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Нуржамал Сыргабаева, Жаннаткан Кебекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айнура Маданова, 5-6-класста окуган окуучулардын ата-энелери катышты.
Окутуунун жүрүшүндө, мектеп менен ата-энелердин ортосундагы байланышты бекемдөө максатында энелерге кызыктуу суроолор берилип, жооптор алынды. Ошондой эле мектеп окуучуларынын жүрүм-турумун, маданиятын, сабакка болгон кызыгуусун арттырууда ата-энелер менен мугалимдердин бирдиктүү аракети башкы орунда экендиги белгиленди.
Белгилей кетсек, “Энелер мектеби” программасы белгилүү новатор, педагог Гапыр Мадаминовдун демилгесине ылайык, өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринде уюштурулуп келет. Аталган программанын алкагында 2022-2023-окуу жылында Жалал-Абад шаарындагы 10 мектеп жана 5 бала бакча пилоттук долбоор катары тандалып алынган болсо, 2023-2024-окуу жылында шаардын бардык билим берүү мекемелеринде уюштурулмакчы.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз