25 июнь 2024
Кароолор: (64)
Тайгараев аймактык башкармалыгында эл менен жолугуушу болуп өттү

Ага Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, аталган аймактык башкармалыктын башчысы, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби, айыл башчылар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолугушуунун негизги максаты - жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, тыюу салынган диний уюмдарга кирип кетүүсүнүн алдын алуу жана үй-бүлөөлүк зомбулуктарга жол бербөө болуп саналат.
Белгилей кетсек, жайкы эс алуу мезгилинде жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана укук коргоо органдары тарабынан байма-бай рейддер өткөрүлүп турат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз