21 февраль 2025
Кароолор: (135)
СТАЖИРОВКАГА ЧЫГЫП, АЙ САЙЫН 8600 СОМДОН АЛСАҢЫЗ БОЛОТ

Жалал-Абад шаарынын мэриясында "Жаштар стажировкасы" пилоттук долбоору боюнча жыйын болуп өттү. Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери жана шаардагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышты.
"Жаштар стажировкасы" долбоору "Жаштар жөнүндө" жана "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Долбоорго ылайык, 16 жаштан 36 жашка чейинки курактагы жумушсуз жарандар өз кесиби боюнча стажировкага чыгып, ай сайын 8600 сомдон алса болот. Адистер стажировкага чыккан жумушсуз жарандар ошол мекемеде иштеп калуусуна толук мүмкүнчүлүк бар экендигин белгилешет.
Аталган пилоттук долбоорго республика боюнча 30 район-шаарлар кирген. Анын мөөнөтү ушул жылдын июнь айында аяктайт.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына 71 квота бөлүнгөн, учурда 30 жумушсуз жаран шаардагы мекеме-ишканаларда стажировкадан өтүүдө.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз