18 октябрь 2023

Кароолор: (70)

Спутник аймактык башкармалыгында жергиликтүү курултайга делегаттар шайланды

 17-октябрда Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгынын тургундарынын катышуусунда жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү. Жыйынды Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Гулмира Худайбердиева алып барды.

Жыйындын катышуучуларына Элдик курултай жөнүндө маалымат жана жергиликтүү курултайга делегаттарды шайло жөнүндөгү Жобого ылайык өткөрүү эрежелери эл өкүлдөрү тарабынан тааныштырылды.

Андан соң, 18-ноябрда Жалал-Абад шаарында өтүүчү жергиликтүү курултайга аксакалдар, жарандык активисттер, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн сунушталган 14 делегат ачык добуш берүү менен шайланды.

Белгилей кетсек, шаардагы 5 аймактык башкармалыктын ар биринен жергиликтүү курултайга 40тан делегат шайланат. Алар жергиликтүү курултайда өздөрүнөн 2 делегатты Элдик курултайга шайлайт. Шайланган делегаттар шаардын орчундуу 3 маселесин биринчи Элдик курултайда көтөрөт. Элдик курултай 2023-жылдын 15-декабрында өтөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз