13 сентябрь 2023

Кароолор: (31)

Спорттун грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө биринчилигинде ийгилик жараткан спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

 Иордания мамлекетинин Амман шаарында спорттун грек –рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде жаштар арасында 87 кг салмакта Асан Жанышов коло медаль, ал эми Эрлан Марс уулу 77 кг салмакта күч сынашып, 5-орунду ээлеген.

 Бүгүн, 12-сентябрда ийгилик жараткан спортчуларды "Жалал-Абад" аэропортунан шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, ата-энелер жана күйөрмандары тосуп алышты.

 Эске салсак, Р. Санатбаев атындагы спорт мектебинин тарбиялануучусу Асан Жанышов ушул эле жылдын июнь айында Бишкек шаарында өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 82 кг салмакта күч сынашып, 1-орунду багындырган болчу.

 Учурда жаш балбандарды КРнын эмгек сиңирген машыктыруучсу Шадыбек Сулайманов, Чыңгыз Пиримкулов машыктырып келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз