19 май 2023
Кароолор: (53)
Соода жайларындагы бааларды турукташтыруу, көзөмөлдөө, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 19-май күнү Жалал-Абад шаардык мэриясында соода жайлардагы азык-түлүктөргө болгон бааны турукташтыруу , көзөмөлдөө жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча жыйын өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Иманалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.
Жыйында Монополияга каршы күрөшүү кызматынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте тыгыз иш алып баруудагы көйгөйлөрү талкууланып, маселени чечүүдө чогуу иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.
Жыйындан соң Монополияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков борбордук базарды кыдырып, тийиштүү адистер менен биргеликте ал жерде сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Жыйынтыгында базар бааларынын негизсиз өсүшүнө жана керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз