04 декабрь 2023
Кароолор: (63)
СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГДОРГО АКЫСЫЗ ОКУТУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы "Кайрымдуулук" борборунда шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын "Үй бүлө жана балдарды коргоо" бөлүмүнүн адистерине жана шаардагы мектептердин социалдык педагогдоруна бир ай аралыгында, жумасына бир жолудан акысыз семинар өткөрүлүүдө.
Психологиялык окутууну психолог, Дильнура Ташыбекова эки тараптуу келишимге ылайык, акысыз өтүп жатат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндөгү" токтомуна ылайык, шаардык мэрия иш -чаралар планын түзгөн. Анын алкагында шаардагы турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдар каттоого алынып, аларга акысыз психологиялык жардамдар көрсөтүлүп келүүдө.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз