29 ноябрь 2023
Кароолор: (53)
СОЦИАЛДЫК МЕКЕМЕЛЕРДИН ЖЫЛУУЛУГУ, КЫШКА КАРАТА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Бүгүн, 29-ноябрда тиешелүү адистерден түзүлгөн комиссия курамы, Жалал-Абад шаарындагы мектептердин, бала-бакчалардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жылуулугун, кышка карата даярдыгын, өрт коопсуздугун жана санитардык абалын текшерди.
Кыдыруу учурунда комиссия мүчөлөрү мекемелерде одоно кемчилдиктер байкалбаганын белгилешти. Ал эми айрым кемчилдиктери боюнча адистер жеринде эскертүүлөрдү беришти. Алдыда мындай текшерүү улантылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз