19 октябрь 2023
Кароолор: (75)
СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

Бүгүн, 19-октябрда “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө” карата кызматтык милдеттерин так аткарып, жарандардын социалдык жардамга муктаж чөйрөсүнүн жашоо шартын жакшыртууга кошкон салымдары үчүн бир катар кызматкерлер сыйланышты. Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин Ардак грамоталарын, алкыш баракчаларын мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова тапшырды. Ал үзүрлүү эмгектери үчүн сыйлык ээлерин куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүктөрүнө ийгиликтерди каалады. Аны менен катар билим берүү тармагында үзүрлүү иштеп, мугалимдерди социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымдары үчүн да Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети тарабынан бир катар мугалимдер Ардак грамота жана төш белгилер менен сыйланышты.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз