18 октябрь 2024
Кароолор: (64)
СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖАНА ПРОФСОЮЗ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 18-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чара Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, профсоюз кызматкерлери жана социалдык коргоо кызматкерлери катышты.
Шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова майрам социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин жумушу түйшүктүү экенин белгилеп, кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз