27 февраль 2023
Кароолор: (214)
Социалдык контрактты түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоонун тартиби

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" кабыл алынган токтомунун негизинде "Социалдык контракт" долбооруна 2023-жылга карата өлкө аймагы боюнча 10 000 миң жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөргө социалдык контакттын негизинде социалдык жардам берүү көрсөтүлгөн, анын ичинен Жалал-Абад шаары боюнча 68 үй-бүлө аталган долбоорго катыша алышат.
Социалдык контрактты түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоонун тартиби
Социалдык контрактты түзүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген критерийлерге жооп берген үй-бүлө укуктуу.
Социалдык контрактты түзүүгө укук алуу үчүн негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:
- үй-бүлө жакыр же аз камсыз болгондугун ырастоочу документтин болушу (социалдык паспорттун болушу "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулдун алуучусу);
- үй-бүлөдө бизнес-пландын болушу;
- үй-бүлөнүн социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алууга макулдугу;
- үй-бүлөдө эркин эмгек потенциалынын болушу;
- үй-бүлөнүн мүлктүк потенциалынын болушу.
Социалдык контракт түзүү укугун алуу үчүн үй-бүлөнүн өкүлү (мындан ары - арыз берүүчү) иш жүзүндө жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кайрылат жана ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча социалдык контрактты түзүүгө арыздын бланкын (мындан ары - арыз) толтурат.
Социалдык контрактты түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону шаар мэриясынын алдындагы түзүлгөн Социалдык маселелер боюнча комиссия жүргүзөт (мындан ары - Комиссия).
Ал эми Жалал-Абад шаар аймагында турган жарандар Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылышат.
Дареги: Достук кичи шаарчасы Тоголок Молдо көчөсү 80.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз