09 август 2023
Кароолор: (84)
Социалдык келишим менен 100 миң сомдон алып, ишкердик баштагандар жарманке өткөрдү

Бүгүн, 9-августта Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында социалдык келишимдин негизинде 100 миң сомдон каражат алып, ишкердик баштаган үй-бүлөлөрдүн “Жаңы кадам” аталышындагы конференциясы жана жарманкеси өттү. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү, “Социалдык контракт” долбоорунун координатору Самаган Асанов, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, социалдык келишим менен 100миң сомдон каражат алган жарандар катышты.
Конференциянын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан 16 жеке ишкерге ыраазычылык баракчалары тапшырылып, алардын ичинен 7 жаранды ушул жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык конференцияга делегат катары шайлашты.
Белгилей кетсек, 2022-2023 жылдары социалдык келишимдин негизинде Жалал-Абад шаары боюнча 125 ишкер 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат алышкан.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз