11 март 2023
Кароолор: (202)
ШОПОКОВ КӨЧӨСҮНӨ КАШТАН ДАРАГЫНЫН КӨЧӨТТӨРҮ ОТУРГУЗУЛУП ЖАТАТ

Бүгүн, 11-мартта Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүнө “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн жана шаар мэринин буйругу менен жарыяланган үч айлыктын алкагында каштан дарагынын көчөттөрүн отургузуу иши башталды. Көчөт отургузууга шаар мэри Эрнисбек Ормоков өзү да катышып, мекеме-ишканалардын кызматкерлерин, шаар тургундарын көчөт отургузуу, шаардын аймагын тазалоо жумуштарына активдүү катышууга чакырды.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарынын аймагына жергиликтүү бюджеттен 4775 даана көчөт тигилет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз