07 май 2025

Кароолор: (19)

ШАХМАТ БОЮНЧА ТУРНИРДИН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

6-май күнү, Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын “Достук” эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата спорттун шахмат түрү боюнча турнир болуп өттү. Турнирге жаштар жана улуу муундар арасында өткөрүлүп, ага 100дөй шахматчы катышты.

 Турнирдин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, жеңүүчүлөргө медаль, кубок жана акчалай белектерди тапшырды.

 Шаар башчысы шахмат - бул адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрө турган спорт түрү экендигин белгилеп, шахмат боюнча турнирлерди масштабдуу өткөрүү жана байге фондусу үчүн жергиликтүү бюджеттен көбүрөөк каражат бөлүү зарылдыгын кошумчалады. Ошондой эле бул багытта иш алып баруу боюнча дене тарбия жана спорт бөлүмүнө тапшырма берди.

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз