25 февраль 2023

Кароолор: (139)

Шаардын көркүн бузган жана мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөрүн алуу улантылып жатат

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ленин көчөсүндөгү кароосуз калган соода күркөсү жана автогараж алынып, Р.Азимов көчөсүндөгү муниципалдык жайга мыйзамсыз курулган автогараж буздурулду.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасына ылайык, алдыда шаардын көркүн базган жана муниципалдык жерлерге мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөрүн, жарнамаларды алуу иши улантылат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз