22 декабрь 2023
Кароолор: (74)
ШААРДЫК КЕҢЕШКЕ ЖАЗЫЛГАН АРЫЗ ЖЕРИНДЕ КАРАЛДЫ

21-декабрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Гулмира Худайбердиева жана Назгүл Айдарова тийиштүү кызматтар менен бирге "Достук" аймактык башкаруусуна караган Пригородный участогундагы жашоочулар менен жолугушту. Ага аталган аймактын жашоочулары тарабынан шаардык кеңештин төрагасынын атына жазылган арызы негиз болгон.
Арызда Сузактын Таш-Булак айыл аймагындагы асфальт чыгаруучу жана таш майдалоочу заводдордун зыяндуулугу, андан чыккан үн, түтүн, чаң мындагы тургундардын тынчын алганы жазылган.
Эл өкүлдөрү бул жаатта тургундардын үнүн угуп, алдыда айтылган маселе боюнча тийиштүү кызматтарга кайрылышарын айтышты. Аны менен катар шаардык кеңештин кезектеги сессиясында да бул көйгөй көтөрүлөрүн кошумчалашты. Ошол эле учурда бүгүн барган топ сөз болуп жаткан “Барсбек Каган и Ко” заводуна да барып, элдин нааразычылыгын жеткиришти. Завод өкүлүнө элге зыяны тийбей тургандай, коопсуз иштөө боюнча сунуштарын айтышты.
Ал эми мэриянын Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Султан Эргешовдун айтымында, элдердин арызынын негизинде заводдордун ишмердүүлүгү, аны жылдыруу боюнча Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнө кайрылышкан. Бирок кайрылуу каттын жообунда заводду башка жакка жылдырууга жер аянты жоктугун, завод иштеп баштаар алдында бардык оң корутундуларды алганын билдирген.
Кошумчалай кетсек, жолугушууда Актилек кичи шаарчасынын жашоочулары завод маселесинен сырткары суу, жол маселелерин да көтөрүштү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз