15 август 2025

Кароолор: (25)

ШААР МЭРИ ЭРНИСБЕК ОРМОКОВ ТУРГУНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жеке маселелер боюнча кайрылган шаар тургундарын кабыл алды. Анда жашоочулар тарабынан турак жай муктаждыгы, саркынды суу түтүктөрүн тартуу, турак жайлардын ортосунда жайгашкан бетон заводду жылдыруу сыяктуу маселелер боюнча көйгөйлөрүн айтышты. Шаар башчысы айтылган маселелер боюнча тийиштүү мекемелердин жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаар тургундарын ар аптанын бейшемби күнү, саат 14:00дөн кийин жеке маселелери боюнча кабыл алып, көйгөйлөрүн угуп келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз