20 февраль 2023

Кароолор: (213)

Сел-Арык каналындагы таштандылар тазаланды

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен мэриянын коммуналдык мекемелери тарабынан шаардагы негизги сел каналы таштандыдан тазаланды. Шаар мэри белгилегендей, таштандылар шаар көркүн гана бузбастан, жаан-чачында көпүрөлөрдүн астына топтолуп, шаарды сел каптоосуна да алып келет. Мындан улам эс алуу күнүнө карабай, аталган сел каналда таштандылар тазаланды.

 Белгилей кетсек, алдыда мэриянын тийиштүү мекемелери тарабынан Сел-Арык каналы атайын техниканын жардамында толук тазалоодон өткөрүлөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз