21 февраль 2025

Кароолор: (107)

САЛАМАТТЫК САКТОО СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА КАЛКТЫН САЛАМАТТЫГЫН САКТОО БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

 Жалал-Абад шаарынын аймагында саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешме өткөрүлдү.

 Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, дарыгерлер, муниципалдык аймактык башкаруу мекемелеринин башчылары катышты.

 Анда Жалал-Абад шаарында 2024-жылдын жыйынтыгы менен энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн себептерин аныктоо жана 2025-жылга көзөмөлгө алуу, шаар тургундарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сыяктуу маселелер каралды.

 Гүлбарчын Таштанбекова эне жана баланын ден соолугу биринчи орунда экендигин баса белгилеп, дарыгерлерди өз ишине так болууга чакырды. Ошондой эле, каттоого алынган кош бойлуу аялдар менен тыгыз иш алып барууга милдеттендирди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз