18 август 2025

Кароолор: (31)

РЕКОНСТРУКЦИЯЛООДОН ӨТКӨРҮЛГӨН ЖЕҢИ-ЖОК ЖАНА МАДИЯРОВ КӨЧӨЛӨРҮ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

 17-август күнү, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы Жеңи-Жок көчөсү жана Мадияров көчөсүнүн бир бөлүгү пайдаланууга берилди. Көчөлөрдүн ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты.

 Аталган көчөлөрдү реконструкциялоого республикалык бюджеттен 98 млн. 743 миң сом акча каражаты жумшалды.

 Жеңи-Жок көчөсүнүн узундугу 1243 метр, туурасы 14 метрди түзөт. Ал эми Мадияров көчөсүнүн узундугу 243 метр, туурасы 8,1 метр.

 Белгилей кетсек, Жеңи-Жок көчөсүнүн эки тарабына тротуар курулуп, темир-бетон арык куурлары да жаткырылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз