04 декабрь 2023
Кароолор: (51)
РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНГАН К.НАЗАРОВ КӨЧӨСҮН КАБЫЛ АЛУУ КОМИССИЯСЫ ТЕКШЕРДИ

29-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Миргүл Эгемова, шаардык кеңештин депутаттары Максат Жусупбеков, Уулкан Кожоева жана тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен түзүлгөн кабыл алуу комиссиясы реконструкциялоо, кеңейтүү иши аяктаган К.Назаров көчөсүн жеринде кароодон өткөрүштү. Анда комиссия мүчөлөрү тарабынан айрым кемчиликтери курулушту ишке ашырган “Чинизасайана" ЖЧКсына эскертилип, айтылган кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, Калил Назаров көчөсү 500 метрди түзөт. Ал 8 метрден 19метрге кеңейтилип, эки тарабына тротуар куруу, темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жарыктандыруу жумуштары жүргүзүлгөн.
Курулуш жергиликтүү бюджеттен каржыланган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз