15 август 2025

Кароолор: (25)

РЕЙД УЧУРУНДА ЖҮЗҮН ТОЛУК ЖААП АЛГАН 7 ЖАРАНГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

 Жалал-Абад шаарынын мэриясы, шаардык ички иштер бөлүмү, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте "Никаб" аталышындагы рейд өткөрдү.

 Рейд учурунда борбордук базарларда, коомдук жайларда жүзүн никаб менен жаап жүргөн жарандарга ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жүзүн жаап жүргөн 7 жаранга айып пул салынды.

 Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салынат. Ага баш ийбегендерге 20 миң сом айып пул салынат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз