20 апрель 2024
Кароолор: (68)
Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү

19-апрелде Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен уюштурулган регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форуму болуп өттү.
Форумда Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Жаныш Раимжанов баяндама жасап, технологиянын заманы күн сайын санариптешүүгө ыктап баратканын белгилеп, бардык тармакта буга карата алгылыктуу аракеттер көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Мисалы; мамлекеттик кызматтарды алуудагы “Түндүк” мобилдик тиркемесин колдонуунун артыкчылыктары, салык төлөөдө жана иш кагаздарын жүргүзүүдө адамдык фактор азайып, электрондук кол тамганын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Форумдун алкагында, жогорку санариптик технологиялардын көргөзмөсү уюштурулду. Анда Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы, “Кыргызтелеком” ААК, жергиликтүү стартаптар жана “Мега”, “Beeline” сыяктуу ата-мекендик уюлдук операторлор жана “Бакай Банк” Ачык акционердик коому санариптик технологиялар жаатындагы жетишкендиктерин көрсөтүштү.
Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форумунун максаты - калктын, өзгөчө жаштардын арасында санариптик сабаттуулукту максималдуу түрдө арттыруу болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз