05 февраль 2024

Кароолор: (5)

Рак ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү.

2 - февралда Жалал-Абад шаарынын аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин, аймактык башкармалыктардын жана тийиштүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйынды шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова алып барды.

 Анда рак ооруларынын алдын алуу, жарандарды сергек жашоо образына үндөө, ар бир жаран жылына бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүү сыяктуу маселелер талкууланды.

 Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдары Жалал-Абад шаары боюнча рак менен 80ден ашуун адам каттоого алынган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1% га көп.

 Белгилей кетсек, 5-февралдан 10-февралга чейин Жалал-Абад шаарында рактын алдын алуу боюнча акция уюштурулат. Анын алкагында төмөндөгү даректер боюнча аялдар жатын жана көкүрөк безинин рагы боюнча акысыз текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин кеңешин алса болот.

1. №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

2. Репродуктивдүү борбору.

3. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы

 Эске салсак, 4- февраль "Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз