09 август 2023
Кароолор: (63)
ПУШКИН КӨЧӨСҮНӨ ЖАҢЫДАН АСФАЛЬТ ТӨШӨЛҮП, ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Жалал-Абад шаарында узундугу дээрлик эки чакырым, кеңдиги 20 метрди түзгөн Пушкин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, бүгүн, 9-август күнү пайдаланууга берилди. Жолдун ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калаа тургундары катышты.
Аталган көчө Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланып, 70 млн. сом акча каражат жумшалды.
Кошумчалай кетсек, Пушкин көчөсү – Жалал-Абад шаарынын негизги жолдорунун бири. Аталган көчө 2018-2019-жылдары кеңейтилип, бирок кеңейтилген бөлүгүнө гана убактылуу асфальт басылган болчу.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарында жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз