11 октябрь 2023
Кароолор: (52)
ПСИХИКАЛЫК САЛАМАТТЫК БОРБОРУНУН КОШУМЧА ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

10-октябрда Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборуна кошумча жаңы имарат жана ашкана курулуп, пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун директору Мухаммед Абдилкарим Али, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Карманбек Байдавлетов баштаган дарыгерлер катышты.
Жаңы курулган имарат бир кабаттан туруп, анда ашкана, бейтаптарга кеңеш берүү бөлмөлөрү жана намазкана жайгашкан. Курулуш “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, Жалал-Абад шаардык мэриясы да жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөткөн.
Белгилей кетсек, аталган психикалык саламаттык борборунда Жалал-Абад облусу боюнча 8 миңге жакын жаран каттоодо туруп, жылына 1300дөй бейтап дарыланып чыгат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз