29 ноябрь 2024

Кароолор: (27)

ПРОКУРАТУРА ЖАНА САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

 Жалал-Абад шаардык мэриясында жеке ишкерлер менен прокуратура жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова да катышты.

 Жолугушууда шаардык прокуратуранын өкүлүдөрү тарабынан жеке ишкерлерди кайсыл мамлекеттик орган, кандай учурда текшерүүгө укуктуу экендиги тууралуу жана текшерүү үчүн кандай документтерди талап кылуу зарылдыгын түшүндүрүп беришти. Ошондой эле, жеке ишкерлердин укуктары менен катар милдеттери туурасында да маалымат берилип, мыйзамсыз текшерүүлөр болгон учурда тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылуу зарылдыгы айтылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз