08 апрель 2023
Кароолор: (106)
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгармы укуктуу өкүлү Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолукту

Бүгүн, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарынын эли менен жолукту. Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Алгач, калаа башчысы өткөн 2022-жылда шаар тургундарынан келип түшкөн арыздардын, кайрылуулардын аткарылышы боюнча элге маалымат берди. Маалыматта айтылгандай, келип түшкөн кайрылуулардын дээрлик 80%ы аткарууга алынган.
Жыйынга келген шаар тургундары облус башчысына жана калаа мэрине таза суу, электр энергиясы, мектеп, бала бакчалардын тартыштыгы, ички көчөлөргө асфальт төшөө зарылдыгы жана көчөлөрдү жарыктандыруу сыяктуу көйгөйлөрдү айтып, суроолорун беришти. Айтылган көйгөйлөр боюнча жетекчилерге жеринде тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, облус башчысынын эл менен болгон мындай жолугушуулары, жарандардын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароого жана маселелерди жеринде чечүү максатында уюштурулган.