03 май 2023

Кароолор: (54)

Президенттин өкүлү жана шаар мэри социалдык контракт менен 100 миң сомдон каражат алып, ишкердик баштаган үй-бүлөлөрдөн кабар алды

  2-май күнү КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен биргеликте Министрлер Кабинетинин «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомунун негизинде, кайтарымсыз 100миң сомдон алып, ишкердик баштаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алышты.

Кыдыруу учурунда бир катар үй-бүлөлөр ишкердигин жакшы жолго коюп, кирше таап жатышкандыгы белгилүү болду. Атап айтканда социалдык келишимдин негизинде каржат алган үй-бүлөлөр нан азыктарын бышыруу, жер жемиштерди өстүрүү, соода-сатык менен алектенүү, кийим-кече тигүү, такси кызматы үчүн автоунаа сатып алуу жана мал чарбачылыгын түзүү сыяктуу ишкердиктерди түптөшкөн. Алар шаар мэринен ишкердигин мындан ары кеңейтип кетүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жергиликтүү бийлик ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

 Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан 2022-жылы Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100миң сомдон акча каражаты берилген болсо, быйыл 75 үй-бүлөгө каражат берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз