02 апрель 2025
Кароолор: (79)
ПРЕЗИДЕНТТИН "ЖАШЫЛ МУРАС" УЛУТТУК ӨНӨКТҮГҮН КОЛДОП, ШАГЫЛДУУ ЖЕРДИ БАККА АЙЛАНДЫРГАН 78 ЖАШТАГЫ АМАН МАМИЕВ

ПРЕЗИДЕНТТИН "ЖАШЫЛ МУРАС" УЛУТТУК ӨНӨКТҮГҮН КОЛДОП, ШАГЫЛДУУ ЖЕРДИ БАККА АЙЛАНДЫРГАН 78 ЖАШТАГЫ АМАН МАМИЕВ
Жалал-Абад шаарынын тургуну, 78 жаштагы Аман Мамиев 6 жылдан бери өзү жашаган Ак-Тилек кичи шаарчасындагы Эгемберди Зияйдинов көчөсүнө жубайы менен көчөт отургузуп келет. Аталган аймак шагылдуу болгондуктан тоодон топурак алып келип, өрүк, бадам, жаңгак сыяктуу мөмө жана көлөкө берүүчү дарактардын көчөтүн өз күчү менен отургузуп келүүдө. Учурда анын жол четине тиккен дарактарынын саны 60ка чукулдап калды. Алардын эң алгач тигилгендери өткөн жылдан тарта мөмө да бере баштаган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз