02 сентябрь 2024
Кароолор: (18)
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ МЫКТАРБЕК ТӨРӨМАМАТОВ МЕКТЕБИН ОНЛАЙН АЧТЫ
30-август күнү, Президент Садыр Жапаров Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата бир учурда курулушу аяктаган 100 объектини онлайын ачты. Алардын катарында Жалал-Абад шаарындагы Мыктарбек Төрөмаматов атындагы мектептин эки кабаттуу жаңы имараты да бар.
Мектептин ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүн башчысы Ырысбек Калчаев, Жалал-Абад шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев жана шаар тургундары, мугалимдер катышты.
Аталган мектеп 500 орунга ылайыкташып, заманбап спорт залы жана ашканасы менен курулган. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 114 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз