27 октябрь 2023
Кароолор: (56)
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланып жаткан “Жалал-Абад облусундагы олимпиадалык резервдеги республикалык колледжинин” капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Курулуш иштеринин жүрүшү боюнча жеринде шаар мэри Эрнисбек Ормоков маалымат берди.
Буга чейин 1992-жылдан бери бул жер кесиптик лицей болуп келген. Эми капиталдык оңдоодон кийин 400 балага ылайыкташтырылган мектеп болот. Спорттун 7 түрү боюнча окутуу жана машыктыруу процесстери жүргүзүлөт: грек-рим күрөшү, эркин күрөш (эркектер жана кыздар), дзюдо, бокс, жеңил жана оор атлетика. Алардын ар бири үчүн өзүнчө шарттары менен машыгуу залдары каралган. Капиталдык оңдоодон кийин мектептин базасында масштабдуу эл аралык мелдештерди жана машыгуу жыйындарын өткөрүүгө болот.
Президентке маалымдалгандай, спорттун аталган түрлөрү бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жигердүү өнүгүп, улан-кыздар арасында чоң кызыгууну жаратып жаткандыктан улам тандалып алынган. Мындан тышкары, азыркы тапта мектептин базасында 400 спортчуга ылайыкталган олимпиада айылын түзүү маселеси караштырылып жатканы айтылды.
Андан ары Мамлекет башчысы облустук оорукананын үч кабаттуу, 100 орундуу жаңы корпусунун курулушу менен таанышты. Кошумча имаратта неврология, терапия жана нефрология бөлүмдөрү жайгаштырылат. Учурда объектинин 80% иштери аяктаган.
Бул объектилерди көрүп чыгып, Президент Садыр Жапаров мамлекеттик саясат мындан ары дагы аймактарды өнүктүрүүгө жана республиканын облустарында жумуш орундарын түзүүгө багытталаарын баса белгиледи.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз