15 апрель 2024
Кароолор: (66)
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан Жалал-Абад шаарындагы турак-жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Курулуш иштери 1,6 гектар жер аянтында жүргүзүлүүдө. Батирлердин саны 639, жалпы аянты 34 500 чарчы метрди түзөт. Турак жай комплексинде балдар аянтчасы жана унаа токтотуучу жайлары каралган.
Садыр Жапаров муктаждарга жеңилдетилген пайыз менен ипотекалык батирлерди берүү үчүн мамлекет мындан ары социалдык турак жайлардын курулушун көбөйтө турганын баса белгиледи. Бул максатта республика боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталат.
Президент Жалал-Абад шаарында турак-жай комплексинин курулушунун жүрүшүн канааттануу менен белгилеп, курулуш нормаларын так сактоо жана сапаттуу материалдарды колдонуу керектигин эскертти.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз