27 октябрь 2023
Кароолор: (75)
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА ЖАҢЫ АВТОБУСТАРДЫ ЖАНА АВТОУНААЛАРДЫ ТАПШЫРДЫ

26-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата Министрлер Кабинетинин атынан 50 даана автобус тапшырды. Ошондой эле, облустук ички иштер башкармалыгынын жана соттун автопарктары кызматкерлердин ыкчам жана натыйжалуу иштеши үчүн жаңы унаалар менен толукталды.
Ал өз сөзүндө шаар тургундарын 146 жылдык майрамы менен куттуктап, Жалал-Абад шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айлантуу үчүн атайын план бектилгенин белгилеп, анын алкагында 2023-жылга республикалык бюджеттен 2 млрд. сом бөлүнгөнүн белгиледи.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы Жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазага акыркы жолу 2010-жылы 15 автобус келген. Учурда техникалардын эскилиги жетип, жетөө жараксыз абалда.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз