27 октябрь 2023

Кароолор: (72)

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаар күнү майрамында: Техниканын доорунда жашап жатканыбыз менен, бабаларыбыздын жакшы иштерин эскерип турбасак, эртеңкибиз бүдөмүк болот

 Жалал-Абад шаарынын 146-жылдыгына карата "Курманбек" стадионунда гала концерт болуп өттү. Майрамдык иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, миңдеген шаар тургундары жана коноктору катышты.

Иш-чара Жалал-Абад шаарынын аталышынын тарыхына арналган майрамдык концерт жана спектакль менен башталды.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү айтты:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу Жалал-Абад шаарынын ардактуу тургундары жана кадырлуу меймандары!

Улуу Жибек Жолунун бир тарамында, айтылуу Аюб-Тоонун этегинде жайгашкан Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жакшылыкта – шаардын 146 жылдык майрамында жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын.

Өмүрүн эл четинде, жоо бетинде өткөргөн Курманбек, Жаныш-Байыш баатырлардын, Кокон хандыгына таасири күч Нүсүп бийдин, алардан берки айтышаарга теңи жок айтылуу акын Жеңижоктун, тоо булбулу Токтогулдун, күү атасы Ниязаалынын, апыз акын Барпынын жана башка белгилүү инсандардын урпактары болгон жалалабаддык туугандар арыбаңыздар!

Эң алды баарыңыздарды “жаштардын шаары” деген ат менен атагы алыска кеткен Жалал-Абад шаарынын 146 жылдык майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!"

 Белгилей кетсек, бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад шаары 146 жылдыгын белгилеп жатат. Анын алкагында калаада бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз