27 декабрь 2024
Кароолор: (47)
Президент Садыр Жапаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышына старт берди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун баштоо аземине катышып, курулушка старт берди.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков баштаган депутаттар, Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шаньцзе, Өзбекстандын вице-премьер-министри Жамшид Хожаев, темир жол кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мамлекет башчы салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө экенин баса белгиледи.
«Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат.
Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдайт, транспорттук багыттарды диверсификациялоо жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарына жооп берет», - деп ырастады Садыр Жапаров.
Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун негизине алгачкы ташты салуу аземине катышты.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз