13 май 2025
Кароолор: (39)
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ "ЖАЛАЛ-АБАД" ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУНУН КУРУЛУШУНА МЕЗГИЛ КУТУСУН САЛДЫ

Мезгил кутусун салуу иш-чарасы бүгүн, 13-май күнү орун алды. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков баштаган депутаттар, жергиликтүү тургундар катышты.
Аталган аэропорттун аэробекети 10000м² ты түзүп, саатына 350 дөн ашык жүргүнчүлөрдү тейлейт. Ал эми аэропорттун учуп-конуу тилкелери жүргүнчү жана жүк ташуучу бардык учактардын учуп-конуусуна ылайыкташат.
Белгилей кетсек, "Жалал-Абад" эл аралык аэропорту Сузак районунун Багыш айыл аймагы менен Жалал-Абад шаары чектешкен аймакта курулууда.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз