25 декабрь 2024
Кароолор: (668)
ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР БОЮНЧА РЕЙД ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ
Жалал-Абад шаарында жаңы жыл майрамын белгилөө жана ага даярдык көрүү жөнүндө мэриянын 2024-жылдын 18-декабрындагы №597-б буйругун аткаруу максатында Муниципалдык мүлк башкармалыгы менен ӨКМдин кызматкерлери тарабынан үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштери жана рейддер уюштурулуп жатат.
Рейддин жүрүшүндө мамлекеттик стандартка (үлгүлүк өлчөмдөргө) туура келбеген пиротехникалык заттарды сатууга тыюу салынып, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилүүдө.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз