13 март 2025

Кароолор: (21)

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ УЧУРУНДА ЖАРАНДАРДЫ ЫКЧАМ ТҮРДӨ КООПСУЗ АЙМАККА КӨЧҮРҮҮ БОЮНЧА МАШЫГУУ БОЛУП ӨТТҮ

 Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жыйындар залында Көчүрүү комиссиясынын отуруму жана өзгөчө кырдаал учурунда жарандарды ыкчам түрдө коопсуз аймакка көчүрүү боюнча машыгуу болуп өттү.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары, Көчүрүү комиссиясынын төрагасы Уларбек Исмаилов жана аталган комиссиянын мүчөлөрү катышты.

 Машыгуунун алкагында Жалал-Абад шаарынын Курорт-Подхоз участкасындагы кооптуу аймакта жашган 23 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүп, тийиштүү мекемелер алгачкы жардамдарды көрсөтүштү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз