08 июль 2024

Кароолор: (42)

ӨЗБЕКСТАНДЫК ФУТБОЛЧУЛАРДЫ "БЕК-АБАД" КӨЗӨМӨЛ ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИНЕН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ

3-илюда CAFA U-20 Championship 2024 турнирине катышуу үчүн Өзбекстандын курама командасы Жалал-Абад шаарына келди. Аларды "Бек-Абад" көзөмөл өткөрмө бекетинен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, маданият кызматкерлери жана жаш футболчулар тосуп алышты.

 Эске салсак, 5-июлдан 12-июлга чейин CAFA U-20 Championship 2024 турнири өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Иран жана Түркмөнстан командалары катышат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз