17 октябрь 2025

Кароолор: (15)

ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛУУЛАРДЫ, ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАРДЫ, КЫЛМЫШТУУЛУКТУ, ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУНУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МЕКТЕПТЕРДЕ ЖЫЙЫНДАР ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

 Манас шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы мектебинде жана С.Давлетов атындагы №14 мектепте өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу, эрте никеге туруулардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Ага Манас шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башкы адиси, прокуратура кызматкерлери, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана ШИИБдин кызматкерлери катышууда.

Окуучулар менен жолугушуу учурунда тиешелүү адистер тарабынан жаштарга зордук-зомбулуктун жана эрте никенин терс таасирлери жөнүндө мисалдар аркылуу тушүндүрмөлөр берилди.

Иш-чаранын негизги максаты - жаштардын коопсуздугун сактоо, алардын психологиялык абалына көңүл буруу жана туура жашоо багытын көрсөтүү болуп санаталат.

 Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар шаардагы бардык мектептерде бекитилген график боюнча өткөрүлүп жатат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз