03 март 2025

Кароолор: (80)

ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУН, ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МЕКТЕПТЕРДЕ ЖЫЙЫНДАР ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

 Жалал-Абад шаарындагы №1 МБабкин атындагы мектеп-гимназиясында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу, эрте никеге туруулардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана ШИИБдин кызматкерлери, аймактык башкаруулардын башчылары катышууда.

 Гүлбарчын Таштанбекова учурда окуучулар арасында аптекалык наркоманияга азгырылгандар, мектеп рекетчилиги күч алып жатканын жана анын арты өлүмгө чейин алып барып жатканын белгилеп, окуучуларды терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырды.

 Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар шаардагы бардык мектептерде бектилген график боюнча өткөрүлүп жатат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз