04 март 2025
Кароолор: (76)
ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУ, ЗОРДУК ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучуларына, окуу жайлардын студенттерине жана ата-энелерине жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту, ыплас иш аракеттерди алдын алуу, эрте никеге туруу, үй-бүлөлүк зомбулукту, сексуалдык зомбулукту алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иш чарага мэрдин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адистери, аймактык башкармалыктардын башчылары, милиция кызматкерлер, нарколог, шаардын имам хатибинин катышуусунда өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, алдыда мындай иш-чаралар шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде өткөрүлмөкчү
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз