09 май 2023

Кароолор: (53)

Орусиянын “Элдик фронт” коомдук кыймылынын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагаери Сафин Гаффандан кабар алышты

 Жалал-Абад шаарындагы Өчпөс отту жандыруу иш-чарасына келген Орусиянын “Элдик фронт” коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, теле алып баруучу Юлия Барановская жана теле алып баруучу, блогер Екатерина Шугаева, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Сафин Гаффандан кабар алышты. Алар ардагерге бекем ден соолук каалап, жасаган эрдиги кийинки урпактарга үлгү болуп кала берээрин баса белгилешти.

 Белгилей кетсек, Сафин Гаффан учурда 98 жашта.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз