08 май 2024

Кароолор: (18)

ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

 7-май күнү Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдык юбилейине карата Жалал-Абад шаарынын 77 Ооган согушунун ардагери орден менен сыйланды.

Сыйлыктарды Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырып, ардагерлерди Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы менен куттукташты.

 Эскерте кетсек, Ооган согушуна 620 миң советтик аскер катышкан болсо, алардын ичинен 105 жоокер Жалал-Абад шаарынан барып, тилеке каршы 17си курман болгон.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз